► ELIZAVETA - Бакытты куруп жатабыз: https://www.instagram.com/elizaveta.kg?igsh=MWtrYXVmcDZlaHNwOQ==
► MUBARAK - Алгачкы халал чайкана тармагы: https://www.instagram.com/mubarak_chaihana?igsh=aTJkcGYza2J4dnY2&utm_source=qr
———————————————————————————
• Бул жолу биздин студияда — белгилүү режиссёр, актёр Радик Эшимов жана сценарист, режиссер, актёр, продюсер Эмил Эсеналиев
Кыргыз кинолорунун көбөйүшү — модабы же элдин ички муктаждыгыбы? Эмнеге акыркы убакта баары кино тартып баштады? Үй-бүлө, руханий баалуулуктар жана турмуштук драмалар — экранда кандай чагылууда?
Бул подкастта биз:
Сүйүнчү тасмасынын артындагы сырларга
“Бейиш эненин таманы астында” тасмасынан алынган терең мааниге
Актер тандоо процесстерине
Кыргыз тасмаларынын келечегине чейин баарын сүйлөштүк.
Радик мырзанын чыгармачылык жолундагы жеке тажрыйбалары, тасмадагы психологиялык изденүүлөр жана жаштар арасындагы кино тартууга болгон кызыгуу — баары ушул чыгарылышта.
Эгер сен кинонун артындагы чыныгы дүйнөнү, режиссёрдун жан дүйнөсүн, жана кыргыз киноиндустриясынын жашыруун бурчтарын ачкың келсе — бул подкаст сөзсүз сага арналган!
Эмиль Эсеналиевдин продюсер катары кинонун артында кандай жоопкерчиликти көтөрөрү жана сценарий жазууда эмнеге көңүл бурары.
Кинодон сырткары, жашоодогу мотивация, чыгармачылык кризис, жана элди ойготкон тасмалар тууралуу да ачык сүйлөштүк.
Бул чыгарылыш — жөн гана подкаст эмес, бул кыргыз кино дүйнөсүнө болгон терең көз чаптыруу. Тасманын сырын билгиң келсе — сөзсүз көр!
———————————————————————————
► Биздин социалдык тармактар:
• instagram (Нурсейит): https://www.instagram.com/nurseyit_podcast?igsh=MW80OTdlNHF3aGc3Ng==
• instagram (Накта Подкаст): https://www.instagram.com/nakta_podcast?igsh=MW1uMjJ3c2cydDhieQ==
• Telegram-баракча: https://t.me/naktapodcasterr
• Apple Podcasts: https://podcasts.apple.com/kg/podcast/nakta-podcast/id1757926254
• Spotify Podcasts: https://open.spotify.com/show/6IsZpydWlNsZlV2tpflQ6h
———————————————————————————
► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Автор: Анаркулов Нурсейит
Кадр сыртындагы үн: Кычык
Оператор: Бошкоев Алихан
Үн режиссеру: Сыдык уулу Кайрат
Монтаждын режисеру: Орузбаев Кутманбек
Монтаждоочу жана дизайнер: Бактыбеков Аскат
———————————————————————————
00:00 – Эң кызыктуусу
01:24 – «Сүйүнчү» тасмасы жөнүндө
03:29 – Үй-бүлө кургандан кийин тасмалар өзгөрдүбү?
05:32 – Радик Эшимов канча жашында үйлөнгөн?
06:35 – Тасмалар кандай мааниге ээ?
09:20 – «Бейиш эненин таманы астында» тасмасындагы каарманды ички дүйнөсү менен изилдедиңизби?
13:25 – Көп тасма пайда болушу коркунуч жаратпайбы?
16:57 – Азыр баары эле актёр болуп жатышабы?
24:25 – Кино дүйнөсүндөгү маркетингдин ролу
32:59 – Актёрдук оюн канчалык деңгээлде болду?
37:11 - Сиз үчүн эң таасирдүү тасма кайсы?
45:43 – «От» тасмасы тууралуу
47:39 – Кыргыздар эмне себептен тарыхый тасма тарта албай жатышат?
52:43 – Кадр сыртында
53:15 – Радик Эшимов акчаны актёрлордон көп табабы?
01:00:53 – Команда түзүүдө эң керектүү мүнөз
01:05:16 – Кинонун жаңы жүздөрү
01:06:13 – Жоопкерчиликсиз адамдар жөнүндө
01:12:48 – Актёр тандоодо эмнеге карашат?
01:21:38 – Кыргызстанлын топ-5 актёру
01:25:28 – Потенциалы жогору болгон продакшндар
01:28:02 – Мотивация жана илхам
01:35:23 – Жыйынтык сөз