► Бул жолу биздин студияда – Максат Ажы Токтомушев!
Максат Ажы Токтомушев – Кыргызстандагы белгилүү дин аалымы, көп жылдар бою ислам илимин изилдеп, адамдарга туура багыт көрсөтүп келет. Бул жолу биз анын катышуусунда ырыскы, байлык жана акчанын табияты тууралуу терең талкуу жүргүздүк.
Бул подкастта биз төмөнкү маанилүү темаларды козгодук:
— Ырыскы – адамга берилген ырыскы алдын ала белгиленгенби же аракет менен көбөйөбү?
— Байлык – бул сынак же жакшылыкпы? Исламда байлыктын орду жана аны туура пайдалануу жөнүндө.
— Акча адамга кандай себептер менен келет же андан эмне тоскоолдук кылат? Кээ бир адамдар эмгектенсе да байый албайт, кээ бирөөлөргө акча өзү эле агылып келет – эмне үчүн?
— Туура ишеним жана финансылык береке – ырыскыны көбөйтүүнүн руханий жана материалдык жолдору.
— Кедейчилик – бул тагдырбы же аракетсиздикпи? Исламдын көз карашы менен.
— Байлар менен кедейлердин сыноосу – адамдын бай же кедей болушу анын жоопкерчилигин кандай өзгөртөт?
Бул чыгарылышта жашоодогу ырыскынын философиясын жана адамдын аракетинин акчага болгон таасирин ачык талкууладык. Эгер акчанын табияты, ырыскыны тартуу сырлары жана багы ачылган жашоо тууралуу билгиңиз келсе – сөзсүз көрүңүз!
———————————————————————————
► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Автор: Анаркулов Нурсейит
Кадр сыртындагы үн: Кычык
Оператор: Бошкоев Алихан
Үн режиссеру: Сыдык уулу Кайрат
Монтаждын режисеру: Орузбаев Кутманбек
Графика Аниматору: Капаров Айбек
Монтаждоочу жана дизайнер: Бактыбеков Аскат
———————————————————————————
0:00 – Эң кызыктуусу
3:14 – Дүйнөнү ташташ керекпи?
9:40 – Акча фитнабы же хайыр дагы?
18:06 – Акча табуу – өзү кайдан келет?
21:54 – Ырыскыны көбөйтсө болобу?
25:41 – Бактылуулук эмнеде?
29:41 – Байлар акыретте кантип жооп берет?
32:22 – Махр канча суралышы керек?
40:05 – Эмнеге кедейлер байый албай жатат?
44:01 – Жалкоолук эмнеден башталат?
48:29 – Максат ажынын бизнестери
51:38 – Максат ажынын устаздары
54:24 – Сооданын сыры
59:22 – Биздин бейиш
1:09:33 – Пайда алып келүү
1:12:25 – Аяктоо