Категории (609)

Генетиканы изилдеген кыргыз окумуштуу / Санжарбек Худайбердиев / Жаратман подкаст

13/12/2024
294
Бул чыгарылышта биз дүйнөлүк деңгээлдеги институтта адамдын саламаттыгын жана медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан кыргызстандык окумуштуу, биология илимдеринин доктору менен маектешебиз. Биздин мейман – Санжарбек Худайбердиев,  компьютер илимдеринин адиси жана  биолог, генетика жана геномика боюнча терең түшүнүккө ээ, ал 10 жылдан ашык убакыттан бери биологиялык сырларды ачуу үчүн жасалма интеллектти колдонуп келет. Ал өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн илимий изилдөөлөргө арнаган.

Биз анын берекелүү Ош шаарынан илимдин борбору болгон Вашингтонго чейинки жолун жана илимге умтулуу анын жашоосун кандай өзгөрткөнүн талкуулайбыз. Бул чыгарылышта биз оорулардын табияты, жасалма интеллект азыркы учурда эле медицинабызды кантип өзгөртүп жаткандыгы жана анын адам өмүрүн узартуу, өлүмгө алып келүүчү ооруларды жеңүү боюнча келечеги жөнүндө сүйлөштүк.

Мындан сырткары, биз философиялык жана экзистенциалдык темаларга да тереңирээк кирдик: Ааламдын түзүлүшү, адам менен Жараткандын мамилеси, ошондой эле адамзат эмне үчүн эки революциянын босогосунда – биомедициналык жана жасалма интеллекттин революциясы алдында турганын талкууладык.
Эгерде сиз биомедицина келечегибизди кантип өзгөртө алат деп кызыгып, алдыңкы изилдөөлөрдүн сырына баткыңыз  келсе, биз менен болуңуз! Лайк басып, пикир жазып, каналыбызга катталганды унутпаңыздар!

Жаратманга салым кошуңуз: 
M Bank +996500807040 
О! Деньги +996500807040
OPTIMA BANK VISA 4169 5853 5854 1828 (Urmat Nasykulov)

00:00 Анонс менен интро.
03:18 Ким болуп иштейт?
07:34 Интеграция.
09:36 Азыр эмнени изилдеп жатат?
13:25 Эки чоң төңкөрүштүн алдында турабыз.
17:20 Интеграция.
19:41 Илимий кесипке кантип келип калган?
24:22 Үй-бүлөнүн колдоосу.
27:17 Программалоодон биологияга кантип келди? Окуунун кыйынчылыктары.
41:21 Көрүүчүлөргө кайрылуу.
42:51 Диссертацияда эмнени изилденген?
45:49 Итальянча үйрөнүү. Жаңы тилдер - жаңы дүйнөлөр.
49:26 Окуудан кийин окумуштуунун карьерасы.
56:14 Иштегенге мотивация.
58:23 Коноктун илимий изилдөөлөрү.
01:03:28 Вирустар эмне кылат?
01:10:12 Коноктун изилдөөлөрү кандай ооруларды жеңүүгө колдонулат?
01:13:45 Онкология. Кантип пайда болот? Эмнеге көбөйүп кетти?
01:24:03 Генетика канчалык маанилүү? Кандай таасир тиет?
01:29:34 Жасалма интеллекттин илимий изилдөөгө салымы.
01:34:20 Этикалык барьердер. Качан токтош керек? 
01:45:10 Адам түбөлүк жашай алабы? Өмүрдү кантип узартса болот?
01:51:33 Балдардын генетикасына ким көбүрөөк таасир этет?
01:55:02 Окумуштуулардын Кудайга көз-караштары.
02:22:01 Ааламдын масштабы.
02:31:34 Адамзаттын көйгөйлөрү.
02:36:26 Каармандын жана алып баруучунун миссиясы. 
02:41:18 Жаратмандын конокторунун окшоштуктары. 
02:43:48 Кеңештер.
02:49:50 Көрүүчүлөргө белек.
02:51:35 Коштошуу.
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Автор
Смотрите также
Амир Талипов: о разнице медицины Германии и Кыргызстана, интеграции и ксенофобии
Амир Талипов: о разнице медицины Германии и Кыргызстана, интеграции и ксенофобии
Честно про увеличение губ, филлеры, ботокс, увеличение груди и про ожирение
Честно про увеличение губ, филлеры, ботокс, увеличение груди и про ожирение
Социальный Квиз Evidence №2. Аниса Аталова. Социальные проблемы в спорте
Социальный Квиз Evidence №2. Аниса Аталова. Социальные проблемы в спорте
Плоскостопие: 10 упражнений для профилактики и лечения у детей и взрослых
Плоскостопие: 10 упражнений для профилактики и лечения у детей и взрослых
Мыктыбек Оролбай уулу / Биринчи эксклюзивдүү маек: Ток бала спортко келбейт
Мыктыбек Оролбай уулу / Биринчи эксклюзивдүү маек: Ток бала спортко келбейт
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!