Бул жолу бизде конокто — таанымал журналист жана “Не Сахар” долбоорунун алып баруучусу Умар Даданов! Умар өзүнүн курч чыгарылыштары жана коомдогу актуалдуу маселелерди талдоосу менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет.
Бул подкастта биз коомдук тамактануу тармагындагы көйгөйлөрдү, санэпидемстанциянын ишмердүүлүгүн жана алардын таасирлерин талкууладык. Ошондой эле санэпидемстанцияга алдын ала чалып, алардын ишине байланышкан маселелерди ачыкка чыгардык.
Эң негизгиси — журналисттерге карата мыйзам бузуулар жана алардын коопсуздугу тууралуу сүйлөштүк. Коомдо курч талкууланган “Не Сахар” долбоорунун артында кимдер турат? Аларды кимдер колдойт? Спонсорлор барбы же “чоң колдоо” маселеси чындыкка дал келеби? Ушул жана башка көптөгөн суроолорго Умар Даданов өзүнүн так жана ачык жоопторун берди.
Бул чыгарылыш өтө мазмундуу, ачык жана кызыктуу болду. Коомдогу актуалдуу көйгөйлөр, чындыкты чагылдыруу үчүн күрөшүп жаткан журналисттердин иши тууралуу көбүрөөк билгиңиз келсе — сөзсүз көрүңүз. Жагымдуу көрүү каалайбыз!