► Бул жолу бизде конокто - көп кырдуу талант ээси, актриса, ырчы, блоггер жана юмористка Динара Багышбаева! Сиз аны белгилүү тасмалардан жана сахнадан таанышыңыз мүмкүн, бирок бул чыгарылышта сиз аны такыр башка жагынан билмекчисиз. Динара бала кезинен баштап эле жашоонун кыйынчылыктары менен беттешкен. Анын балалыгы жакырчылыкта, эжеси менен жалгыз бой эненин канатынын астында өткөн. Эч качан жеңил болгон эмес, бирок ал үмүтүн үзбөй, жашоосунда ар дпйым бийик нерселерге умтулуп келген. Анын апасынын берген тарбиясы жана жашоого болгон күчтүү эрки чыныгы шыктануу булагы болуп саналат. Ошондой эле, биз анын карьерасынын кызыктуу бурулуштарын талкууладык: кантип жөнөкөй студент кыз “Тамашоу” сахнасынан жылдызга айланган? Кантип ал актрисалыкка киришип, Кыргызстандын эң популярдуу тасмаларынын бири “Аяшка” катышып калган? Бул тасманын 4 бөлүгү кантип жаралганын жана бул тасмалардын артында кандай окуялар турганын Динаранын өз оозунан угасыз.
Бул подкаст жөн эле чыгармачылык тууралуу эмес. Бул — эрктүүлүк, чечкиндүүлүк жана кыйынчылыктарды жеңүү тууралуу. Жашоодо эмне гана болбосун, ишенимиңди жоготпой, максатыңа кантип жетүү керектигин билгиңиз келеби? Анда бул чыгарылыш сиз үчүн! Жагымдуу көрүүнү каалайбыз!