Налоговая служба сообщает, что граждане освобождены от налога на прибыль, полученную при ввозе и перепродаже автотранспортных средств.
В целях поддержки населения и улучшения финансового положения граждан, а также оказания помощи тем, кто испытывает временные финансовые трудности, в налоговое законодательство были внесены важные изменения.
В соответствии с законом Кыргызской Республики от 12 февраля 2025 года № 37 физические лица, за исключением индивидуальных предпринимателей, обязаны воздерживаться от ответственности и исполнения обязательств по налогам на доходы, в том числе по суммам процентов и пени, полученных в период с 1 января 2022 года по 1 января 2025 года, при импорте и продаже автотранспортных средств, принадлежащих на праве частной собственности, не менее одного года со дня приобретения освобождается.
Однако есть несколько условий, таких как:
1. Освобождение от уплаты налогов применяется только в том случае, если нет судебного решения о взыскании долга.
2. Если налог уже уплачен, он не подлежит возврату.
Эта мера направлена на поддержку граждан, которые покупают и продают автомобили в трудные экономические времена и позволяет многим преодолеть финансовые трудности.
Во избежание мошенничества налоговая служба призывает граждан не передавать свои паспортные данные и документы третьим лицам за вознаграждение.
Эта мера направлена на поддержку граждан, которые не знают налогового законодательства или стали жертвами мошенничества, которые регистрируют автомобили на свое имя, полагая, что они не получат налоговых обязательств в будущем.
В связи с этим налоговая служба подчеркивает, что данная льгота является единовременной. Налоговая служба призывает граждан не передавать свои паспортные данные и документы третьим лицам за вознаграждение, чтобы предотвратить мошенническую деятельность.
__________________________________________
Жарандар автотранспорт каражаттарын импорттоодо жана сатууда алынган кирешелердин салыгынан бошотулду
Салык кызматы жарандар автотранспорт каражаттарын ташып келүүдө жана кайра сатууда тапкан киреше салыгынан бошотулгандыгын билдирет.
Калкты колдоо жана жарандардын финансылык абалын жакшыртуу, ошондой эле убактылуу финансылык кыйынчылыктарга туш болгондорго жардам берүү максатында салык мыйзамдарына маанилүү өзгөртүүлөр киргизилди.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамына ылайык, жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке жактар сатып алган күндөн тартып бир жылдан кем эмес жеке менчик укугунда таандык болгон автотранспорт каражаттарын импорттоодо жана сатууда 2022-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алынган кирешеден салыктар боюнча, анын ичинде пайыздардын жана туумдардын суммалары боюнча жоопкерчиликтен жана милдеттенмени аткаруудан бошотулат.
Бирок, төмөнкү бир нече шарттар бар:
1. Салыктан бошотуу, эгерде карыз боюнча өндүрүп алуу жөнүндө сот чечими жок болсо гана колдонулат.
2. Эгерде салык буга чейин төлөнгөн болсо, анда ал кайтарылып берилбейт.
Бул чара экономикалык оор мезгилде автоунаа сатып алган жана саткан жарандарды колдоого багытталган жана көпчүлүккө каржылык кыйынчылыктардан чыгууга мүмкүндүк берет.
Салык кызматы алдамчылыкка жол бербөө үчүн жарандарды паспорттук маалыматтарын жана документтерин үчүнчү жактарга сый акы үчүн бербөөгө чакырат.
Бул иш-чара салык мыйзамдарын билбеген же алдамчылыктын курмандыгы болгон, келечекте салык милдеттенмесин албай тургандыгына ишенип, автоунааларды өз атына каттаткан жарандарды колдоого багытталган.
Буга байланыштуу Салык кызматы бул жеңилдик бир жолку болуп саналарын баса белгилейт. Салык кызматы алдамчылык ишкердигине жол бербөө үчүн жарандарды паспорттук маалыматтарын жана документтерин үчүнчү жактарга сый акы үчүн бербөөгө чакырат.