Урматтуу Кыргызпатенттин социалдык тармактардагы катталуучулары, жаратмандар, чыгармачыл инсандар,авторлор жана интеллектуалдык менчик ээлери!
Кыргызпатент түз эфирлерин кайрадан жандандырганын кубануу менен кабарлайбыз!
Эми күн сайын, саат 15.00дө мекемедеги бөлүмдөрдүн кызматкерлери өз тармагында жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер тууралуу сиздерге кеңири айтып берип турушат.
Кызыккан суроолор болсо сиздер да комментарий калтырсаңыздар, ачык, так жооп берүүгө аракет кылабыз.
Эртең, 18-январь саат 15.00дө Кыргызпатенттин Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын начальниги Гульбара Кудайбердиева түз эфирибизге мейман болуп, “Автордук укук жаатындагы иш-аракеттер”деген темада маек куруп берет.
Дал ушул багытта боюнча да кызыккан суроолорду берип, жооп алсаңар болот. Бул үчүн биздин кат куржунга, же түз эфирдин алдындагы комментарий бөлүмүнө суроолорду жазып калтырыңыздар. Күтөбүз!!!