с 23:00 UTC+06 13 декабря до
00:00 UTC+06 25 декабря 2023
Саламатсыздарбы!
“Интернет коом үчүн” коомдук фонду (IFS) жана JIA Бизнес ассоциациясы Ош облусунда кол өнөрчүлүк менен алек болгон ишкер айымдарды “Айымдар креативдүү экономикада” (WOICE) долбооруна катышууга чакырат!
Катышуучуларга бул программа эмне берет:
⭐Бизнесиңиздин абалын тактап алаcыз (диагностика);
⭐Бизнесиңизге керектүү билим аласыз (креативдүү ой жүгүртүү, маркетинг, соцтармактарда сатуу, бизнес финансы, онлайн салык отчетторун тапшыруу);
⭐Эксперт жана бизнес кеңешчилердин жардамы;
⭐Долбоордун мыктыларына соцтармактарда рекламаны жүргүзүү үчүн каражат бөлүнөт (шарттары бар);
⭐Кесиптештер, өнөктөштөр, кардарлар жана кызыктуу лидер айымдар менен таанышуу.
Долбоорго 20 айым ишкер тандалат.
Башкы критерийлер:
✓Ош областынан болуу;
✓Кол өнөрчүлүк менен алек болуу;
✓Жеке жана бизнесте өсүү мотивациясы бар;
✓Бизнес тажрыйбасы же өнөрчүлүгү бар.
Каалоочулар онлайн анкетаны 25-декабрь 2023-жылдын саат 9:00 чейин толтурсаңыздар болот. https://forms.gle/NEb1BjcaM5bFumnN7
Көбүрөк маалымат үчүн:
Инстаграм: internet_for_society
Фейсбук: internetforsocietyifs
Ватсап: 0 709 247 007
«Бул долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн»