🔊 2023-жылдын 6-7-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан Кубанычбек Өмүралиев баш болгон делегация катышкан Түрк мамлекеттеринин уюмунун маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө жумушчу топтун 6-отурумун уюштуруу жана өткөрүү пландаштырылууда,.
🌐 Түрк мамлекеттеринин уюмунун маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министрлеринин жыйынын даярдоонун жүрүшүндө Электрондук өкмөт жана электрондук кызмат көрсөтүү жаатында тажрыйба жана мыкты жетишкендиктер менен алмашууга багытталган бир катар иш-чаралар демилгеленди.
🌐 Демилгелер «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн глобалдык порталы», «Санариптик Жибек Жолу» жана түрк мейкиндигинде стартаптар өрөөнүн түзүү сыяктуу түрк мамлекеттеринин кызматташтыгын чыңдоого багытталган негизги долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле биргелешкен венчурдук фонддорду түзүү жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын изилдөө маселелерин камтыйт.
🌐 Түрк мамлекеттер уюму Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркие жана Өзбекстанды бириктирген эл аралык уюм болуп саналат.
————————————————————
🔊 6-7 декабря 2023 года в городе Бишкек Министерством цифрового развития Кыргызской Республики планируется организация и проведение 6-го заседания рабочей группы в сфере информационно-коммуникационных технологий организации тюркских государств, с участием делегаций во главе с Генеральным секретарем ОТГ Кубанычбеком Омуралиевым.
🌐 В ходе подготовки заседания министров информационно-коммуникационных технологий (ИКТ) стран Организации тюркских государств (ОТГ) была инициирована серия мероприятий, нацеленных на обмен опытом и лучшими практиками в области электронного правительства и электронных услуг.
🌐 Инициативы охватывают вопросы реализации ключевых проектов, направленных на укрепление сотрудничества тюркских государств, таких как "Глобальный портал государственных услуг", "Цифровой шелковый путь" и создание долины стартапов в тюркском пространстве, а также формирование совместных венчурных фондов и изучение передового опыта других стран.
🌐 Организация Тюркских Государств является международной организацией, объединяющей Азербайджан, Казахстан, Кыргызстан, Тюркию и Узбекистан