«Жашыл Толкун» демилгесине студенттерди чакырабыз!
Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын жана кесиптик лицейлердин жогорку курстун студенттерин жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү темасына арналган конкурска катышууга чакырабыз. Долбоордун алкагында 7 күндүк практикалык семинарлар жана экология тармагында иш алып барган алдыңкы ишканаларга экскурсиялар уюштурулат.
✔️ Конкурстун максаты:
Студенттердин жашыл экономика боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, алардын практикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана окуу жайлар менен бизнес, мамлекеттик түзүмдөр жана эл аралык уюмдардын өз ара кызматташуусуна шарт түзүү.
✔️ Конкурстун номинациялары:
1. «Жашыл демилге»
2. «Жашыл чыгарма»
3. «Жашыл фантазия»
✔️ Конкурстун негизги этаптары:
- 5 студенттен жана 1 илимий жетекчиден турган командаларды түзүү, бизнес өкүлдөрүнөн ментордук колдоо алуу.
- Жашыл ишканаларга экскурсиялар жана семинарларды өткөрүү.
- Командалар тарабынан жашыл чечимдерди жана долбоорлорду иштеп чыгуу.
🏆 Сыйлыктар:
Ар бир номинациянын жеңүүчүлөрүнө интерактивдүү такталар жана башка баалуу белектер тапшырылат. Ошондой эле, демөөрчүлөр жана өнөктөштөр тарабынан сертификаттар ыйгарылат.
✔️ 2025-жылдагы катышуу шарттары:
Студенттерге стажировкадан өтүүгө көмөктөшүү жана келечекте жашыл ишканаларга жана уюмдарга жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн түзүү.
Конкурска катышуу үчүн 2025-жылдын 16-мартына чейин төмөнкүлөрдү тапшыруу зарыл:
1. Толтурулган Google формасы (форманын ичинде эки документти тиркөө керек).
2. Окуу жай жетекчилигинин атынан команда үчүн сунуш каты жана катышуучулардын тизмеси (гендердик тең салмактуулукту сактоо менен).
3. «Биз эмне үчүн «Жашыл Толкун» долбооруна катышууну каалайбыз жана кандай идеяны ишке ашыргыбыз келет?» деген темада мотвациялык кат жазуу (500дөн кем эмес сөз).
📞 Суроолор боюнча кайрылуу:
+996 551 177 473 – Урмат Жаналиев