АЙЫЛ ЧАРБАДАГЫ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ
📅 Дата: 24-февраль 2025-ж.
⏰ Убактысы: 14:00
📍 Дареги: Бишкек, Инновациялык борбор
Айыл чарбасына кызыгып, заманбап технологияларды ишке ашырууга кызыккандарды жасалма интеллектти (ЖИ) колдонуу боюнча тренингге чакырабыз!
🔎 ТРЕНИНГДЕ ЭМНЕЛЕР БОЛОТ?
✅ Жасалма интеллект деген эмне жана ал кантип иштейт – жөнөкөй жана түшүнүктүү түшүндүрмө.
✅ Агробизнесте ЖИ колдонуу мисалдары: аба ырайын так болжоо, талааларга көз салуу, бухгалтерияны автоматташтыруу.
✅ Учурда колдонсо болуучу пайдалуу ЖИ куралдарына сереп.
✅ Топтук иш жана реалдуу кейстерди талкуулоо.
🎯 ТРЕНИНГ КИМ ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ?
✔ Өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, чыгымдарды азайткысы келген дыйкандарга
✔ Заманбап технологияларды ишке ашырууну каалагандарга
✔ Айыл чарбасында жаңы мүмкүнчүлүктөргө кызыккан бардык адамдар үчүн.
📌 Катышуу акысыз!
📞 Катталуу жана суроолор боюнча: 0772 51 51 50
Жаңы технологияларды үйрөнүп, агробизнесиңизди дагы эффективдүү кылуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! 🚜🌱
Бул долбоор КР Мөмө өндүрүүчүлөр ассоциациясынан сунушталып, “Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоорунун алкагында Энактас Кыргызстан тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.