❓Сиз бизнести нөлдөн кантип куруу керек экенин билгиңиз келеби?
📢 Анда сиздерди “Микро Ментор” долбоорунун алкагында өтүүчү “Нөлдөн кантип бизнес куруу керек: эксперттен практикалык кеңештер” аттуу уникалдуу офлайн жолугушууга чакырабыз.
✅Өз тажрыйбасы жана билими менен “AisuFlo” брендинин негиздөөчүсү жана ишкер айым Жороева Айсулу бөлүшөт.
🤗Баткен облусунун тургуну Айсулуу дыйканчылык менен алектенип, бир канча гүлдөрдүн түрүн өстүрүп сатат. Ал алгачкылардан болуп Баткен облусунда жоогазын, лаванда гүлдөрүн өстүрүп баштаган. Ишкер айым мындан тышкары дары чөптөрдү, жашылча-жемиштерди да өстүрүп сатуу менен алектенет.
🎯 Жолугушууда Айсулуу айым нөлдөн бизнес куруу жөнүндө, кандай кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн жана идеяны кантип ишке ашыруу тууралуу айтып берет. Ал практикалык кеңештери менен бөлүшүп, суроолоруңузга жооп берет.
✅ Ошондой эле, иш-чарада бизнести өнүктүрүү боюнча башка мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилет.
🚀 Келип, бизнесиңизди өнүктүрүү үчүн мотивация алыңыз!
🗓️ Дата: 24.02.2025
⏰ Убакыт: 11:00
🗺️ Жер: Баткен шаары, И.Жусупов көчөсү, 11. БатМУнун башкы мекемеси.