«Оч» — 27-февралдан баштап бардык кинотеатрларда!
Адилеттүүлүккө жетүүнүн баасы кандай? Ар бир тандоонун кесепети бар…
Жылдыз – жакындары менен коом тарабынан сатылган жаш кыз. Башына түшкөн оор сыноолор анын жашоосун түп-тамыры менен өзгөртөт. Ал өз жолу менен чындыкка жетүүнү чечет, бирок бул жол аны күндөн-күнгө терең туңгуюкка сүйрөйт. Акыры, ал тандоосу үчүн өтө кымбат баа төлөйт.
Бул – тагдыр, күрөш жана анын оор кесепеттери жөнүндө тасма. Ар бир кадам артка кайтууга мүмкүн эмес өзгөрүүлөргө алып келет.
Сиз бул окуяга даярсызбы?