"Тил сакчысы – кыргыз тилин даңазалоо үчүн!"
Кыргыз тили биздин улуттук дөөлөтүбүз жана маданий мурасыбыз. "Тил сакчысы" фото-далилдер конкурсу – бул кыргыз тилин күнүмдүк жашообузда канчалык колдонуп, сактап, өнүктүрүп жатканыбызды көрсөтүүчү мыкты мүмкүнчүлүк.
Сиздин көз ирмемдер кыргыз тилинин уникалдуулугун жана кооздугун чагылдырсын! Маданиятты, тилди жана каада-салтты сактоодо сиздин салымыңыз чоң.