Категории (293)

Тренинг: "XVI Медиа Правовая Школа"

Воскресенье, 09 февраля 2025 с 18:00 UTC+06
Тренинг: "XVI Медиа Правовая Школа"
Бесплатно
Онлайн: Заявка
Институт Медиа Полиси
900
🔔XVI Медиа Укук Мектебине катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу

“Медиа Полиси Институту” Коомдук фонду Бишкек шаарындагы жана Кыргызстандын аймактарындагы ЖОЖдордун 1-4-курстарынын студенттеринен “XVI Медиа Укук Мектеби” тренингине катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алууну ачык деп жарыялайт.

10 күндүн ичинде Медиа Укук Мектебинин угуучулары сөз эркиндигине жана ой-пикирин эркин билдирүүгө болгон укукту коргоо, маалыматты, кастык тилин жайылтуу үчүн жоопкерчилик жаатында негизги билимди алышат.

📅Тренинг тууралуу жалпы маалымат:

📌Тренингде катышуу акысыз.
📌Тренинг кыргыз тилинде болот.
📌Мектеп 2025-жылдын 24-февралынан 7 - мартка чейин (иш күндөрү) саат 14.00дөн 18.30га чейин офлайн иретинде өтөт.
📌Медиа Укук Мектебинин алкагында кечки лекциялар уюштурулат, эң актуалдуу темалар боюнча ар түрдүү баяндамачылардын катышуусу менен өткөрүлөт.

🌏Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан тандоодон өткөн катышуучуларга Ош-Бишкек-Ош каттамы боюнча учактын билети төлөнөт. Медиа Укук Мектебинин шарттарына ылайык Ош шаарынын аэропортуна чейин/аэропорттон Ош шаарына чейинки жол чыгымдарын уюштуруучулар төлөп бере албайт.

🌏Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынан келген катышуучуларга Бишкек шаарына чейин транспорт уюштурулат.

Ошондой эле аймактардан тандалып алынган катышуучуларга Бишкек шаарында мейманкана үчүн акы төлөнүп, 3 маал тамак берилет.

🔸Анкетаны толтуруп, дилбаян жазгандан кийин тандоо критерийлерине жооп берген студенттер Медиа Укук Мектебинин катышуучулары боло алышат. Курстун аягында окуу процессине жигердүү катышкан студенттерге курсту аяктагандыгы жөнүндө Сертификаттар тапшырылат. Себепсиз бир нече сабакты калтырган студенттер андан ары окууга катыша алышпайт.

❗️Медиа Укук Мектебине катышуу үчүн төмөнкү шилтеме боюнча анкетаны толтуруп чыккыла.

❗️Анкеталар 2025-жылдын 9-февралы, саат 18.00гө чейин кабыл алынат.

❗️Мотивациялык эссе кеминде 250 сөздөн түзүлүшү керек. 250 сөздөн аз болгон эсселер каралбайт. Бардык эсселер плагиат жана ChatGPT колдонулганына текшерилет.

📍Бул долбоорду “Медиа Полиси Институту” @nlinkyrgyzstan менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.
Автор
Другие мероприятия автора
Игра Quiz Night: «Права и свободы женщин: Путь трансформации в разных странах и культурах по всему миру»
Игра Quiz Night: «Права и свободы женщин: Путь трансформации в разных странах и культурах по всему миру»
Четверг, 06 Марта 2025
 Лекция: «Что делать, если что-то не нравится в городе?»
Лекция: «Что делать, если что-то не нравится в городе?»
Среда, 29 января 2025
XV Школа Медиа Права
XV Школа Медиа Права
Воскресенье, 22 декабря 2024
Смотрите также
Российско-Индийский образовательный саммит 2025 в г.  Нью-Дели!
Российско-Индийский образовательный саммит 2025 в г. Нью-Дели!
Вторник, 20 Мая 2025
Сертификационный экзамен: налоговый консультант
Сертификационный экзамен: налоговый консультант
Пятница, 30 Мая 2025 с 23:59 до 00:00 UTC+06
Приглашение на Евразийскую неделю арбитража 2025 в Астане
Приглашение на Евразийскую неделю арбитража 2025 в Астане
Вторник, 01 июля 2025
Стипендия HISA Youth Fellowship 2025: ваш путь к глобальному лидерству в Оксфорде
Стипендия HISA Youth Fellowship 2025: ваш путь к глобальному лидерству в Оксфорде
Суббота, 23 августа 2025
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!