Ж.Садыков «Эр Төштүк”
(Кенже эпостун негизиндеги жомок)
Режиссёру-А.Кыдырмышев
Түрк тилдүү элдердин баары аздектеген “Эр Төштүк” кенже эпосунун негизинде коюлган жомок көрүүчүлөрдү сыйкыр дүйнөгө жетелеп, каармандар алардын жан дүйнөсүн аруулантып адабиятка болгон сүйүүсүн арттырат.
Жомоктун башкы каарманы Эр Төштүктүн эрдиктери кайратмандуулукка, баатырдыкка үндөсө, Маамыттар чыныгы дос болууну үйрөтүп Жез кемпирдин образы адам адам болгону аны коштоп жүргөн көп жүздүүлүктү баяндап берет. Мындан сырткары жомокто көптөгөн образдар театр сүйүүчүлөрүн кайдыгер калтырбайт.
Кирүү билетинин баасы (стоимость входного билета): 300 сом
Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры
Кыргызстан, г. Бишкек, Абдумомунов к. 230
Телефон аркылуу маалымат алуу (справки по тел): + 996 (312) 660 590, + 996 (707) 641 719