Категории (212)

10-й Юбилейный день Женского предпринимательства WED 2024

Четверг, 21 ноября 2024 с 09:00 UTC+06
10-й Юбилейный день Женского предпринимательства WED 2024
Бесплатно
Оффлайн: г. Бишкек, отель «Hyatt Regency»
kyrgyzpatent.kg
198
Кыргызпатент «Курак» Аялдар Форуму менен биргеликте баардык ишкер айымдарды WED 2024 - Бүткүл дүйнөлүк айымдардын ишкердик күнүн белгилөөгө чакырат.

Быйыл Кыргызстан бул маанилүү майрамды 10-ирет сыймык менен белгилейт!

🔔 Бүткүл дүйнөлүк аялдардын ишкердик күнүнө арналган салтанат 21-22-ноябрда Бишкек шаарында «Чыгармачылык жана чексиз өнөктөштүк» урааны астында өтөт.

🙌 WED – бул БУУнун колдоосу менен 2014-жылы башталган, айымдардын ишкердик укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө арналган глобалдык демилге, 140тан ашык өлкөнү камтыйт. 2015-жылдан тартып WEDдин Кыргыз Республикасындагы Элчиси катары «Курак» Аялдар Форумунун тең негиздөөчүсү жана ийгиликтүү ишкер Айнура Сагынбаева дайындалган. Бул он жыл ичинде WED Кыргызстанда аялдардын ишкердигин колдогон эң таасирдүү платформага айланды.

🤝 Өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Финляндия Өкмөтүнүн каржылоосу менен ишке ашырылган Борбордук Азияда сооданы өнүктүрүү долбоору, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) «Бизнес чөйрөсүндөгү аялдар» программасы, We-Fi жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен, Кыргызстандагы Accelerate Prosperity инвестициялык ишкердик акселератору, Европа Биримдигинин жана Ага Хан фондунун колдоосу менен AP Азия долбоорунун алкагында, USAID, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы офиси, Борбордук Азиядагы аялдар ишкердиги күн тартиби боюнча аймактык программа, Кыргыз инвестициялык- кредиттик банкы KICB, Куликовский кондитердик үйү, Namba Media толук циклдүү жарнамалык агенттиги, «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору, Кыргыз Республикасындагы аялдар ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту азайтуу боюнча коалиция, Эл аралык Коучинг Федерациясы (ICF), КР агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы, Бай Элим соода-өндүрүш компаниясы, Эл аралык жеке ишкердик борбору CIPE.

Форумдун модератору: Эркин Рыскулбеков ⏰ Дата: 21-22-ноябрь, башталышы саат 9:00. 📍 Дарек: Бишкек шаары, «Hyatt Regency» мейманканасы.

📌 Катышуу боюнча байланыш номери +996 (551) 126-766.
Автор
Другие мероприятия автора
Harry Potter and wizards of Tynda Music
Harry Potter and wizards of Tynda Music
Вторник, 07 января 2025
«Эр Төштүк» - уникальный спектакль
«Эр Төштүк» - уникальный спектакль
Суббота, 14 декабря 2024
Симфоническая сказка "Петя и Волк"
Симфоническая сказка "Петя и Волк"
Суббота, 14 декабря 2024
Щелкунчик от звезд Санкт-Петербургского балета в Бишкеке!
Щелкунчик от звезд Санкт-Петербургского балета в Бишкеке!
Четверг, 12 декабря 2024
Смотрите также
Аудиоспектакль-променад «Дух города»
Аудиоспектакль-променад «Дух города»
Суббота, 18 января 2025
Бишкек Кастинг в международное модельное агентство!
Бишкек Кастинг в международное модельное агентство!
с 13:00 UTC+06 18 января до 00:00 UTC+06 20 января 1970
Мастер-класс: "Время - главный актив бизнеса"
Мастер-класс: "Время - главный актив бизнеса"
Суббота, 18 января 2025
Закрытый тренинг: Инвестиции в фондовый рынок в 2025
Закрытый тренинг: Инвестиции в фондовый рынок в 2025
Суббота, 18 января 2025