Приглашаем всех на празднование дня ООН 26 октября в Национальном историческом музее!
24 октября мир отмечает день Организации Объединенных Наций — день, когда мы говорим о ценностях мира, равенства и устойчивости, которые воплощает ООН. В этом году мы организовываем ярмарку ООН в Национальном историческом музее.
Наша официальная программа начнется в 14:00 и будет насыщенной: музыкальные выступления, айтыш, викторина и дискуссия с известными олимпийскими спортсменами и чемпионами. Но не ждите до тех пор — приходите пораньше, чтобы успеть увидеть все!
С 11:00 до 17:00 вы сможете принять участие в различных мастер-классах, внести свой вклад в совместную арт-инсталляцию, пройти бесплатное медицинское обследование, выучить жестовый язык, купить эко-продукты у наших партнеров, принять участие в разных играх и конкурсах и выиграть призы. Вы узнаете больше о важной работе, которую ООН ведет в сотрудничестве с Кыргызстаном, в восьми тематических зонах, которые будут раскрывать такие темы, как борьба с изменением климата, расширение прав и возможностей женщин, права человека и вовлечение молодежи. Поешьте заранее — одна зона будет посвящена сдаче крови для Республиканского центра крови, потому что мы хотим сделать этот праздник не только ярким и интересным, но и полезным для нашего сообщества.
Приходите с семьей и друзьями и станьте частью нашего значимого события! Давайте отметим этот день вместе!
____________________________________________________________________________________________________________________
Бардыгыңыздарды 26-октябрда Улуттук тарых музейинде БУУнун күнүн майрамдоого чакырабыз!
24-октябрда бүткүл дүйнө Бириккен Улуттар Уюмунун күнүн белгилеп, БУУ камтыган тынчтык, теңдик жана туруктуулук баалуулуктары жөнүндө сөз кылат. Быйыл биз Улуттук тарых музейинде БУУнун жарманкесин уюштуруп жатабыз.
Биздин расмий программабыз саат 14:00дө башталып, музыкалык концерт, айтыш, викторина жана биздин белгилүү олимпиадалык спортчулар жана чемпиондор менен талкууну тартуулайт. Бирок ага чейин күтпөй, баарын көрүү үчүн эрте келиңиздер!
Саат 11:00дөн 17:00гө чейин мастер-класстарга катышып, биргелешкен арт-инсталляцияга салым кошуп, акысыз медициналык кароодон өтүп, жаңдоо тилин үйрөнүп, биздин өнөктөштөрдөн эко азык-түлүктөрдү сатып алып, ар кандай оюн жана конкурстарга катышып, байгелерди утуп алсаңыздар болот. Сиз Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстан менен биргеликте климаттык иш-аракеттер, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, адам укуктары жана жаштардын катышуусу сыяктуу маанилүү темаларды изилдей турган сегиз тематикалык зонада аткарып жаткан иштер тууралуу көбүрөөк биле аласыз. Алдын ала жакшы тамактанып алыңыз – зоналардын бири Республикалык кан борборуна кан тапшырууга арналат, анткени биз бул майрамды кызыктуу гана эмес, коомубуз үчүн пайдалуу өткөргүбүз келет.
Үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен келип, биздин маанилүү иш-чарабызга катышыңыздар! Бул күндү чогуу белгилейли!