Хакатонго катышып, 10 000 евро утуп ал! 🚀
Экология, туризм жана айыл чарба тармагында инновациялык санариптик чечимдерди түзүү үчүн “Жашыл Санарип Жаратман” хакатонуна арыздарды кабыл алуу башталганын жарыялайбыз.
КИМ КАТЫША АЛАТ:
▫️Жаңыдан иш баштаган стартапчылар жана ишкерлер
▫️Студенттер жана жаш адистер
▫️Эко-активисттер жана адистер
▫️Программисттер
▫️Дыйкандар жана агробизнес өкүлдөрү
Жаш талабы: 18-35 жаш.
📅 ХАКАТОН ЭКИ этапта өткөрүлөт:
1️⃣ Тандоо этабы (түштүк региондор – Ош шаарында, түндүк региондор – Бишкек шаарында)
2️⃣ Финалдык этап Бишкек шаарында
Долбоордук арызды 3-сентябрга чейин профильдеги шилтеме аркылуу толтурууга болот.
Коомубуздун келечегине салым кошуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! 🌏💡
“Жашыл санарип жаратман” хакатону Энактас Кыргызстан тарабынан Европа Биримдигинин @euinkyrgyzstan каржылык колдоосу менен “Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
#EU4KG #youth4DGL